Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019

Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019.

Учебник по химии для 8 класса на киргизском языке.

   Илим жана техника тез өнүгүп жаткан бүгүнкү күндө химия предметинин сырларын илимдин негизинде үйрөнүү бир гана химия эмес, о.э. башка биология, физика, математика, география, геология, астрономия сыяктуу предметтерди үйрөнүүдө да негизги мааниге ээ. Жаңы технологиялык жараяндарга тийиштүү билимдерге ээ болуу да химиялык билимге негиз болуп кызмат кылышы анык. “Заман тез темптер менен өнүгүп жаткан азыркы мезгилде ким жеңет? Жаңы ой, жаңы идеяга, инновацияга таянган мамлекет гана жеңет”.
Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында 8-класста химия предметин окутууда үйрөнүлүшү керек болгон Мезгилдик мыйзам, хими ялык элемент тердин мезгилдик системасы, химиялык байланыштардын түрлөрү, азот, күкүрт, галогендик элементтердин тобу о.э. минералдык жер семирткичтер сыяктуу темалар удаалаштыгы заманбап илимий түшүнүктөрдүн негизинде жаңы ыкмаларда чагылдырылды.

Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019


ХИМИЯЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕРДИН.
Бардык химиялык элементтер химиялык элементтердин мезгилдик системасында мезгилдерге, катарларга жана топторго бөлүштүрүлүп жайгаштырылган. Мезгилдик системада горизонталь катарлардан мезгилдер пайда болот. Мезгилдер чоң жана кичине мезгилдерге бөлүнүп, кичине мезгилдер бирден катарды, чоң мезгилдер болсо экиден катарды өз ичине алат. Жегич металлдардан башталып инерттүү газдар менен аяктаган катарлардан мезгилдер пайда болот.

MAЗМУНУ.
АЛГЫ СӨЗ.
I БӨЛҮМ. 7-КЛАСС ХИМИЯ КУРСУНУН НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨРҮН КАЙТАЛОО.
1-§. Алгачкы химиялык түшүнүк жана мыйзамдар.
2-§. Органикалык эмес бирикмелердин негизги класстары.
II БӨЛҮМ. МЕЗГИЛДИК МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛЕМЕНТТЕРДИН МЕЗГИЛДИК СИСТЕМАСЫ АТОМДУН ТҮЗҮЛҮШ.
3-§. Химиялык элементтердин алгачкы классификацияланышы.
4-§. Химиялык элементтердин табигый топтору.
5-§. Химиялык элементтердин мезгилдик мыйзамы.
6-§. Химиялык элементтердин мезгилдик системасы.
7-§. Атом ядросунун курамы.
8-§. Изотоптор. Изобарлар.
9-§. Атомдун электрондук катмарларынын түзүлүшү.
10-§. Энергетикалык деңгээлдер.
11-§. Кичине мезгилдеги элементтердин атомунун түзүлүшү.
12-§. Чоң мезгил элементтеринин атомдук түзүлүшү.
13-§. Элементтердин мезгилдик системасындагы орду жана атомунун түзүлүшүнө карап мүнөздөө. Мезгилдик мыйзамдын мааниси.
III БӨЛҮМ. ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШТАР.
14-§. Химиялык элементтердин салыштырмалуу терс электрдүүлүгү.
15-§. Химиялык байланыштын түрлөрү. Уюлдуу жана уюлсуз коваленттик байланыш.
16-§. Иондук байланыш.
17-§. Кристаллдык торчолор.
18-§. Элементтердин кычкылдануу даражасы.
19-§. Кычкылдануу-калыбына келүү реакциялары.
20-§. Кычкылдануу-калыбына келүү реакцияларынын теңдемелерин түзүү.
IV БӨЛҮМ. МЕТАЛЛ ЭМЕСТЕР.
21-§. Металл эместердин жалпы касиеттери.
22-§. Галогендердин мезгилдик системадагы орду. Атомунун түзүлүшү.
23-§. Хлор.
24-§. Хлордуу суутек.
25-§. Aвогадро мыйзамы. Молдук көлөм.
26-§. Эквиваленттүүлүк мыйзамы.
27-§. Хлорид кислотасы.
28-§. Фтор, бром, иод.
V БӨЛҮМ. АЛТЫНЧЫ ТОПТУН БАШКЫ ТОПЧОСУНДАГЫ ЭЛЕМЕНТТЕРГЕ ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ.
29-§. Кычкылтек топчосундагы элементтер.
30-§. Күкүрттүн суутектүү бирикмелери.
31-§. Күкүрттүн кычкылтектүү бирикмелери.
32-§. Сульфат (күкүрт) кислотасы.
33-§. Химиялык реакциялардын ылдамдыгы.
34-§. Химиялык тең салмактуулук.
43-§. Өнөр жайда күкүрт кислотасын өндүрүү.
VI БӨЛҮМ. АЗОТ ТОПЧОСУ.
36-§. Азот.
37-§. Азоттун суутектүү бирикмелери.
38-§. Азоттун кычкылтектүү бирикмелери.
39-§. Нитрат (азот) кислотасы.
40-§. Фосфор.
41-§. Фосфордун кычкылтектүү бирикмелери.
42-§. Минералдык жер семирткичтер.
43-§. Эң маанилүү негизги минералдык жер семирткичтер.
44-§. Биогендик элементтер жана алардын тирүү организмдердеги мааниси.
Лабораториялык иштер.
Бардык элементтерди атом массаларынын жогорулап баруу иретинде жазып чыгабыз. Мында сен элементтин жогорулап баруу касиетинин акырын азайып баруусун, металл эместик касиеттеринин жогорулап нагыз металл эместерге өтүүсүн күзөтөсүң. Литийден баштап тогузунчу элементтин касиеттери (бул элемент натрий) литийдин касиеттерин кайталайт, нагыз металл (1-сүрөт) болуп саналат.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Химия, 8 класс, Aскаров И.Р., Гапиров K., Tохтабоев Н.X., 2019 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-29 09:45:51