Физика, 10 класс, Турсунметов K.A., Усмонов Ш.Н., Рахматов Ж.А., 2022

Физика, 10 класс, Турсунметов K.A., Усмонов Ш.Н., Рахматов Ж.А., 2022.

Учебник по физике для 10 класса на киргизском языке.

   Бул китеп табияттагы жараян жана кубулуштарды күзөтүү, анализдөө, физикалык кубулуштарды үйрөнүүдө аспаптардан туура пайдалана алуу, физикалык түшүнүк жана чоңдуктарды математикалык формулалар менен туюнта алуу, илим багытында жетишип жаткан ийгиликтер, алардын практикадагы колдонулушу аркылуу окуучуларда илимий көз караштарды өнүктүрүүгө, келечекте аларды илим жана технология ийгиликтеринен туура пайдаланууга багыттоону максат кылган. Китепте “Динамика. Статика элементтери”, “Механикалык термелүүлөр жана толкундар”, “Гидродинамика”, “Электростатикалык талаа”, “Туруктуу ток закондору”, “Түрдүү чөйрөлөрдө электр тогу”, “Магнит талаа” бөлүмдөрү үйрөнүлөт.

Физика, 10 класс, Турсунметов K.A., Усмонов Ш.Н., Рахматов Ж.А., 2022


Космостук ылдамдыктар.
Жер жасалма жандоочуларынын кыймылы Жердин тартуу талаасындагы кыймылга мисал боло алат. Эгерде жогорудагы маселеде көргөнүбүз сыяктуу тиешелүү бийиктиктен горизонталь багытта ыргытылып жаткан телонун баштапкы ылдамдыгын ашырып барсак, анын учуу алыстыгы да артып барат. Баштапкы ылдамдыктын белгилүү бир маанисине жетишкенде тело Жердин тегерегинде айланма орбита бойлой кыймылдайт. Натыйжада тело Жердин жасалма жандоочусу болуп калат (1.10 a-сүрөт). Ал үчүн телону алгач Жердин бетинен керектүү бийиктикке алып чыгуу жана ага горизонталь багытта жетиштүү ылдамдык берүү керек. Бул милдетти жеткирүүчү ракеталар аткарат. Алар атайын космодромдордо вертикаль багытта кыймылга келтирилет. 300–400 km бийиктикте абанын каршылык күчү дээрлик сезилбейт (1.10 b-сүрөт).

МАЗМУНУ.
I БӨЛҮМ. ДИНАМИКА. СТАТИКАНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ.
1-тема. Күчтөрдү кошуу.
2-тема. Борборго умтулуучу күч.
3-тема. Гравитация талаасында кыймыл.
4-тема. Маселелер чыгаруу.
5-тема. Телонун оордугунун кыймыл түрүнө байланыштуулугу.
6-тема. Телонун бир нече күчтүн таасириндеги кыймылы.
7-тема. Маселелер чыгаруу.
8-тема. Телонун жантык тегиздиктеги кыймылы.
9-тема. Телону жантык тегиздикти бойлой которууда аткарылган жумуш. Жантык тегиздиктин пайдалуу аракет коэффициенти (ПАКи).
10-тема. Маселелер чыгаруу.
11-тема. Лабораториялык жумуш. Жантык тегиздиктин пайдалуу аракет коэффициентин аныктоо.
12-тема. Массанын борбору. Тең салмактуулуктун түрлөрү. Күчтүн моменти.
13-тема. Моменттер эрежесине негизделип иштөөчү жөнөкөй механизмдер.
14-тема. Маселелер чыгаруу.
Долбоор иши: Жөнөкөй механизмдерди жасоо.
II БӨЛҮМ. МЕХАНИКАЛЫК ТЕРМЕЛҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛКУНДАР.
15-тема. Механикалык термелүүлөр.
16-тема. Пружиналуу жана математикалык маятниктер.
17-тема. Лабораториялык жумуш: Математикалык маятниктин жардамында эркин түшүүнүн ылдамдануусун аныктоо.
18-тема. Механикалык толкундар.
19-тема. Үн толкундары.
20-тема. Маселелер чыгаруу.
III БӨЛҮМ. ГИДРОДИНАМИКА ЖАНА АЭРОДИНАМИКА.
21-тема. Суюктук жана газдардын кыймылы.
22-тема. Кыймылдап жаткан газ жана суюктуктун басымынын ылдамдыкка байланыштуулугунан техникада пайдалануу.
23-тема. Маселелер чыгаруу.
IV БӨЛҮМ. ЭЛЕКТРОСТАТИКАЛЫК ТАЛАА.
24-тема. Электр талаанын чыңалышынын суперпозиция принциби.
25-тема. Заряддалган шардын электр талаасы.
26-тема. Маселелер чыгаруу.
27-тема. Электростатикалык талаада чекиттик зарядды которууда аткарылган жумуш.
28-тема. Электр талаада жайгашкан чекиттик заряддын потенциалдык энергиясы.
29-тема. Электр талаасынын энергиясы.
30-тема. Практикалык сабак. Энергиянын бир түрдөн башкасына айлануусу.
31-тема. Маселелер чыгаруу.
V БӨЛҮМ. ТУРУКТУУ ТОК ЗАКОНДОРУ.
32-тема. Ток күчү жана ток тыгыздыгы.
33-тема. Толук чынжыр үчүн Ом закону.
34-тема. Маселелер чыгаруу.
35-тема. Лабораториялык жумуш. Ток булагынын ЭККү жана ички каршылыгын аныктоо.
36-тема. Металл өткөргүчтөр каршылыгынын температурага байланыштуулугу.
37-тема. Маселелер чыгаруу.
Долбоор иши. Альтернативдүү электр булактары.
VI БӨЛҮМ. ТҮРДҮҮ ЧӨЙРӨЛӨРДӨ ЭЛЕКТР ТОГУ.
38-тема. Суюктуктарда электр тогу.
39-тема. Фарадейдин биринчи жана экинчи закону.
40-тема. Маселелер чыгаруу.
41-тема. Электролизден турмушта жана техникада пайдалануу.
42-тема. Газдарда электр тогу. Вакуумда электр тогу.
43-тема. Жарым өткөргүчтөр жана алардын металлдардан айырмасы.
44-тема. Жарым өткөргүчтөрдүн электр өткөрүмдүүлүгү.
45-тема. Жарым өткөргүчтүү аспаптар жана алардын техникада колдонулушу.
46-тема. Лабораториялык жумуш. Жарым өткөргүчтүү диоддун вольт-ампер аныктамасын үйрөнүү.
VII БӨЛҮМ. МАГНИТ ТАЛААСЫ.
47-тема. Магнит талаасынын индукциясы. Токтуу өткөргүчтөрдүн магнит талаасы.
48-тема. Магнит талаанын токтуу өткөргүчкө таасири.
49-тема. Токтуу өткөргүчтөрдүн өз ара таасири.
50-тема. Токтуу өткөргүчтү магнит талаада которууда аткарылган жумуш.
51-тема. Магнит талаада заряддуу бөлүкчөнүн кыймылы.
52-тема. Туруктуу токтун электр кыймылдаткычы.
53-тема. Маселелер чыгаруу.
54-тема. Электромагниттик индукция.
55-тема. Практикалык сабак. Электромагниттик индукция кубулушун үйрөнүү.
56-тема. Өздүк индукция. Индуктивдүүлүк.
57-тема. Маселелер чыгаруу.
58-тема. Токтун магнит талаасынын энергиясы. Заттардын магниттик касиеттери.
59-тема. Маселелер чыгаруу.
Пайдаланылган адабияттар.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Физика, 10 класс, Турсунметов K.A., Усмонов Ш.Н., Рахматов Ж.А., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-12-21 16:59:19