Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Tилабаев С., Keнжаев Д., 2022

Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Tилабаев С., Keнжаев Д., 2022.

Учебник по истории для 10 класса на киргизском языке.

   Колуңдагы «Өзбекстан тарыхы» окуу китеби XIX кылымдын экинчи жарымы жана XX кылымдын 90-жылдарына чейин болгон окуяларды өз ичине алат. Бул доор Мекенибиз тарыхынын өтө татаал жана карамакаршылыктуу жылдары саналат.
Бул окуу китеби Мекенибиздин тарыхында жоготууларга жана зыяндарга толгон, ошондой эле, ата-бабаларыбыздын элдин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн жүргүзгөн баатырларча күрөштөрү, өзбек элинин куруучулук иштерин жана жан аябаган эмгектерин өз ичине алган доорлор жөнүндө баяндайт.

Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Tилабаев С., Keнжаев Д., 2022


Хива Хандыгынын жоюлушу.
Мухаммад Рахимхан II кайтыш кылгандан кийин, империя өкмөтүнүн жардамында такты анын уулу Асфандиярхан (1910–1918) ээлейт. Россиядагы 1917-жылкы февраль окуяларынан кийин Жаш хивалыктар Асфандиярхандан реформалар өткөрүү жөнүндөгү манифестке кол коюуну талап кылышты.

Реформалар хандын бийлиги сакталган, бирок Мажлис (депутаттар палатасы) жана Комиссарлар кеңеши (Министрлер кеңеши) менен чектелген конституциялык монархияны түзүүнү өз ичине алган эле. Жаш хивалыктар, ошондой эле, мамлекеттик каражаттардын сарпталышы үстүнөн көзөмөлдөө үчүн каржы министрлигин, сууну бөлүштүрүүнү реформалоону, хандыктын бүткүл аймагында жаңы усул мектептерин уюштуруу үчүн комитет түзүүнү, темир жолдор жана почта-телеграф системасынын курулушун да талап кылышкан эле.

Мазмуну.
Киришүү.
Россия империясынын баскыны алдында Бухара амирлигиндеги, Кокон жана Хива хандыктарындагы социалдык-саясий жана экономикалык жагдай.
Россия империясынын Орто Азияга жортуулу жана Түркстан генерал-губернаторлугунун түзүлүшү.
Бухара амирлиги менен Хива хандыгынын Россия империясынын вассалына айланышы.
Түркстан өлкөсүндө саясий-административдик башкаруу системасы.
Түркстандa Россия империясынa каршы улуттук-боштондук кыймылдары.
Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы жана анын Түркстанга таасири.
Түркстандa 1916-жылкы козголоңдун башталышы.
XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын баштарында Бухара амирлиги.
XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын баштарында Хива хандыгы.
XIX кылым экинчи жарымы – XX кылымдын баштарында каракалпактардын маданияты.
Түркстандa жадидчилик кыймылы.
Жадидчилик кыймылынын өкүлдөрү жана алардын ишкердиги.
Түркстандa илим-билим жана маданият.
Түркстан өлкөсү 1917-жылдын февраль-октябры аралагында.
Жаш бухаралыктардын ишкердиги жана Бухара амирлигинин жоюлушу.
Хива Хандыгынын жоюлушу.
Түркстан автономиясы.
Түркстан өлкөсүндө совет бийлигинин башкаруу системасынын орнотулушу.
Түркстан АССР, БЭСР жана ХЭСРде советтер бийлигине каршы куралдуу кыймылдар.
Орто Азияда аймактык чек аралануу.
Өзбекстан ССРдин түзүлүшү.
Совет бийлиги жүзөгө ашырган реформалардын мазмуну. Индустриялаштыруу саясаты жана анын натыйжалары.
Өзбекстанда совет бийлиги жүргүзгөн маданий саясат.
Совет бийлигинин Өзбекстандагы куугунтуктоо саясаты.
Өзбекстан Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында.
Өзбекстан 1941–1945-жылдардын ичинде.
Өзбекстандыктардын фронттогу эрдиктери жана каармандыктары.
Гвардиячы генерал-майор Сабыр Рахимовдун сөөгүн жерге берүү.
Өзбекстандын илими жана маданияты жеңиш үчүн кызматтa.
Өзбекстан эл чарбасынын согуштaн кийинки жылдардагы өнүгүшү.
1980–1990-жылдарда Өзбекстан.
Шараф Рашидов.
Өзбекстанда социалдык-саясий активдүүлүктүн жана көз карандысыздыкты карай умтулуунун күчөшү.
Терминдердин түшүндүрмөсү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Өзбекстан тарыхы, 10 класс, Tилабаев С., Keнжаев Д., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-12-21 17:00:51