Дүйнө тарыхы, 10 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2017

Дүйнө тарыхы, 10 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2017.

Учебник по истории для 10 класса на киргизском языке.

   Адамзат тарыхынын Биринчи дүйнөлүк согушунун аягы – 1918-жылдан башталып, азыркы күнгө чейин болгон доор «Эң жаңы тарых» деп аталат. «Эң жаңы тарых» адамзат коомунун өнүгүшүндө индустриалдык цивилизациядан постиндустриалдык цивилизацияга өтүү доору катары каралды. Эң жаңы доор тарыхында салыштырмалуу өз алдынча болгон үч баскычты бөлүп көрсөтүү мүмкүн. Биринчи баскыч 1918 – 1945-жылдар – индустриалдык коомдун социал дык-саясий системасы кризисинин башталуу доору. Бул кризис эки дүйнөлүк согушта, социалисттик жана улуттук-боштондук революция ларында, Германия, Италия, Япония, мурдагы СССРде тоталитардык системалардын орун алышында, социалдык карама-каршылыктардын курчушунда көрүндү. Бул баскычтын мазмунун коомдун өнүгүшүнүн эки негизги моделдери – либералдык-демократиялык жана тоталитардык режимдердин ортосундагы күрөш түзөт.

Дүйнө тарыхы, 10 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2017


1918 – 1939-ЖЫЛДАРДА УЛУУ БРИТАНИЯ.
Экономикалык өнүгүү жана социалдык кыймылдар. Биринчи дүйнөлүк согуш Улуу Британиянын бийлик чөйрөлөрүнө чоң саясий жеңиш жана аброй алып келди, колониалдык империя андан да кеңейди, чоң репарация алынды. Бирок бул жеңиш Улуу Британия үчүн өтө кымбатка түштү. Согушка чейин кредитор болгон Улуу Британия АКШдан жана өзүнүн доминиондорунан карыз болуп калды. Экономикалык өсүү темптери өтө төмөндөп, кризис жана сенектик көнүмүш адатка айланды.

Иш таштоо кыймылы олуттуу түс алды. Жумушчулар иш акынын ашырылышын жана иш күнүнүн кыскартылышын талап кылышты. Ушундай шартта шахтёрлордун иш
акысынын азайтылышы Улуу Британия тарыхындагы эң чоң социалдык жаңжалдардан бири – 1926-жылы майда жумушчулардын жалпы иш таштоосун келтирип чыгарды.

Мазмуну.
Kиришүү.
1-тема: 1918-1939-жылдарда эл аралык мамилелер.
2-тема. 1918–1939-жылдардa илимий-техникалык өнүгүүнүн ылдамдоосу, илим-билимдеги жетишкендиктер.
3-тема: 1918-1939-жылдарда Улуу Британия.
4-тема: 1918-1939-жылдарда Франция.
5-тема: 1918-1939-жылдарда Америка Кошмо Штаттары.
6-тема: 1918-1939-жылдарда Германия.
7-8-темалар: 1918-1939-жылдарда СССР.
9-тема: 1918-1939-жылдарда Италия жана Испания.
10-тема. 1918–1939-жылдарда Латын Америкасы мамлекеттери.
11-тема: 1918-1939-жылдарда Япония.
12-тема: 1918-1939-жылдарда Кытай жана Индия.
13-тема: 1918-1939-жылдарда Түркия жана Иран.
14-тема: 1918-1939-жылдарда Африка мамлекеттери.
15-16-темалар: Экинчи дүйнөлүк согуш жана анын натыйжалары.
17-тема: Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эл аралык мамилелер: “суук согуштун” башталышы.
18-тема: 1946-1991-жылдарда Америка Кошмо Штаттары.
19-20-темалар: 1946-1991-жылдарда Советтер Союзу.
21-тема: 1946-1991-жылдарда Улуу Британия жана Франция.
22-тема: 1946-1991-жылдарда Германия жана Италия.
23-тема: 1946-1991-жылдарда Япония жана Азиянын жаңы индустриалдык мамлекеттери.
24-тема: 1946-1991-жылдарда Кытай Эл Республикасы.
25-тема: 1946-1991-жылдарда Индия жана Пакистан.
26-тема: 1946-1991-жылдарда Түркия, Иран жана Ооганстан.
27-тема: 1946-1991-жылдарда Латын Америкасы мамлекеттери.
28-тема: 1946-1991-жылдарда Африка мамлекеттери.
29-тема: XX кылымдын экинчи жарымында илим жана маданияттын өнүгүүсү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Дүйнө тарыхы, 10 класс, Эргашев Ш., Ходжаев Б., Абдуллаев Ж., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-28 04:41:56