Дүйнөлүк диндердин тарыхы, 10 класс, Исламов З., Рахимжанов Д., Нажмиддинов Ж., 2017

Дүйнөлүк диндердин тарыхы, 10 класс, Исламов З., Рахимжанов Д., Нажмиддинов Ж., 2017.

Учебник по истории для 10 класса на киргизском языке.

   Дин эзелтеден адамдарды дайыма жакшылыкка, изги иштерге үндөгөн. Борбордук Азия элдери ынанып келген ислам дини да жогорку инсандык сапаттардын калыптанышына кызмат кылган. Дин адамзаттын руханий дүйнөсү менен үзгүлтүксүз байланыштуу, социалдык жашоодо дайыма аны менен бирге болуп келген.
Динди үйрөнүү – бул адамдын руханий дүйнөсүн үйрөнүү болуп саналат. Диний булактар адамзат тарыхында болгон үлгүлүү окуяларды өзүндө камтыган, алар кишилерди ахлактык тарбиялоодо маанилүү орун тутат. Бул болсо адамдын турмуш жолдорунда адашпастыгы, жакшы-жаман, ак караны таанып билүүсү жана өз жашоосун туура уюштуруусу үчүн негизги каражат болуп кызмат кылат. Натыйжада адамдын жашоо мүнөзү жогорулап, коомдо өнүгөт.

Дүйнөлүк диндердин тарыхы, 10 класс, Исламов З., Рахимжанов Д., Нажмиддинов Ж., 2017


БОРБОР АЗИЯГА ИУДАИЗМ ДИНИНИН КИРИП КЕЛИШИ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ.
Биздин заманга чейинки VIII кылымдарда кээ бир еврейлер Израилден кетип, Египет, Иран сыяктуу өлкөлөрдөн орун табышты. Борбордук Азияга еврейлер Согдиана мамлекети доорунда б.а. б.з.ч. II кылымда кирип келишкен. Алар Иран аркылуу Марвга келип, Ал жерден Бухара, Самарканд, Шахрисабз жана башка шаарларга таралышкан.

Изилдөөчүлөр алардын бул жерге көчүп келип, жайгашууларын «Улуу Жибек жолунун» иши менен байланыштырышат. Еврейлердин боёкчулук боюнча адис болгондугу алардын чийки зат булактарына жакыныраак чөлкөмдөргө жайгашууларына себеп болгон.

МАЗМУНУ.
Сөз башы.
1-§ Диндин коомдогу орду жана милдеттери.
2-§ Илим жана дин.
3–4-§ Диндин пайда болушу жана формалары.
5-§ Иудаизм.
6–7-§ Иудаизм окуусу.
8-§ Буддизм.
9-§ Буддалык окуусу.
10-§ Христиандык.
11–12-§ Христиандык окуусу.
13-§ Борбордук Азияда ислам.
14-§ Исламдагы мазхабдар жана ынанымдык окуулар.
§15 Суфийлик жана окуулар.
16-§ Өзбекстанда диний кең пейилдүүлүк жана социалдык туруктуулук.
17-18-§ Журтубуз ойчулдарынын дүйнөлүк илим-билимдин өнүгүшүнө кошкон салымы.
19-§ Дин жана «массалык маданият».
20-§ Kсенофобия жана дин.
21-§ Дүйнөлүк диндерде тынчтык идеясы.
22-§ Миссионерлик – жаштардын келечегине болгон кооп.
23-§ «Ынаным эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө»гү мыйзамдын маани-маңызы.
24-§ Өзбекстандын дин бет кабындагы экстремизм жана терроризмге каршы күрөштөгү орду.
25-§ Кибераймакта дин жана маалымат колдонуу маданияты.
26-§ Диндерде өмүрдүн баркы.
27-§ Светтүүлүк — атеисттик дегени эмес.
Диний терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Дүйнөлүк диндердин тарыхы, 10 класс, Исламов З., Рахимжанов Д., Нажмиддинов Ж., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-28 21:29:43