Биология, 11 класс, Гафуров A., Абдукаримов A., Талипова Ж., Ишанкулов O., 2018

Биология, 11 класс, Гафуров A., Абдукаримов A., Талипова Ж., Ишанкулов O., 2018.

Учебник по биологии для 11 класса на киргизском языке.
 
   Ушул китеп орто билим берүүчү мектептеринин мамлекеттик билим берүүнүн стандарттары талабы негизинде даярдалды. Китептин мазмуну 10-класста окутулган биология окуу предметинин уландысы болуп, 11-класста жашоонун биогеоц енотикалык жана биосфера даражасындагы жалпы биологиялык мыйзамдар органикалык дүйнө филогенезин үйрөнүүгө багытталган. Теманын мазмунун көңүл буруп окуп чыгып, анда пайдаланылган шарттуу белгилердин негизинде берилген тапшырмаларды толук аткаруу келечекте жеке инсан катары калыптануу,илимий дүйнө карашты кеңейтүү жана экологиялык аңсезимге ээ болууга негиз салат.

Биология, 11 класс, Гафуров A., Абдукаримов A., Талипова Ж., Ишанкулов O., 2018


ЭКОЛОГИЯНЫН ӨНҮГҮШҮ, БӨЛҮМДӨРҮ ЖАНА МЕТОДДОРУ.
Өсүмдүк жана жаныбарларда айлана-чөйрө факторлорунун таасирин үйрөнүү жөнүндөгү алгачкы пикирлер байыркы грек философ окумуштууларын чыгармаларында чагылдырылган. X-XII кылымдарда Орто Азиянын улуу даанышмандары Ал-Харазмий, Ал-Фарабий, Абу Райхан Беруний, Ибн Сина чыгармаларында Жердин түзүлүшү, дарылык өсүмдүктөр, жаныбарлардын жашоо жерлери жөнүндө маалыматтар берилген. З.М. Бабур өзүнүн «Бабурнама» аттуу тарыхый чыгармасында Орто Азия жана Индиянын түрдүү өсүмдүк жана жаныбарлары, алардын таралышы, көбөйүү мезгилдери жөнүндө көптөгөн маалыматтар келтирилген.

Тирүү организмдердин жашоо чөйрөсүн жана терең үйрөнүү XIX-XX кылымдарда башталган. Айланачөйрөнүн жандуу организмдер жашоосуна таасирин үйрөнүүнү немис окумуштуусу Александр Гумболд баштап берди, ал биринчи болуп өсүмдүктөр жашоосунда чөйрө факторлорунун өзгөчөлүгүн үйрөнгөн. XX кылымдын баштарында ботаника, зоология жана башка табигый предметтерде экология багыты түзүлдү. Акырындык менен, табиятты үйрөнүүгө экологиялык көз караш чоң мааниге ээ боло баштады. Бир катар мамлекеттерде экологиялык проблемаларды кең көлөмдө өз ичине алуучу чыгармалар басылды. Экологияны өнүгүшүндө англиялык окумуштуу А.Тенсли түзгөн экосистема концепциясы жана орус окумуштуусу В.Н. Сукачев алга сүргөн биогеоценоз теориясы маанилүү орунду ээлеген.

МАЗМУНУ.
Сөз башы.
I БӨЛҮМ. ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ЖАШОО.
1-§. Биологиялык системалар. Экология – биологиялык системалар жөнүндөгү предмет.
2-§. Экологиянын өнүгүшү,бөлүмдөрү жана методдору.
II БӨЛҮМ. ЖАШООНҮН ЭКОСИСТЕМА ДАРАЖАСЫНДАГЫ ЖАЛПЫ БИОЛОГИЯЛЫК МЫЙЗАМ ЧЕНЕМДҮҮЛҮКТӨРҮ.
3-§. Жашоонун экосистема даражасынын касиеттери. Биогеоценоз – биологиялык система.
4-§. Экосистемалардын курамдык бөлүктөрү.
5-§. Организмдердин жашоо чөйрөсү.Суу чөйрөсү.
6-§. Кургак-аба,топурак, тирүү организмдер жашоо чөйрөлөрү катарында.
7-§. Чөйрө факторлору жана алардын классификациясы.
8-§. Жарыктык-чөйрөсүнүн экологиялык фактору.
9-§. Температура-чөйрөнүн абиотикалык фактору.
10-§. Нымдуулук экологиялык фактор катарында.
11-§. Топурак жана топографиялык факторлор.
12-§. Чөйрөнүн биотикалык факторлору. Тирүү организмдер ортосундагы байланыштар.
13-§. Антропогендик факторлор.
1-Лабораториялык иш.
14-§. Түрдүн популяциондик түзүлмөсү.
15-§. Түрдүн популяциондик түзүлмөсү (Уландысы).
16-§. Экотизимдердин трофиктик структурасы.
17-§. Экотизимдердин түшүмдүүлүгү.
18-§. Экологиялык пирамида эрежеси. Биомасса жана энергия пирамидасы.
2-Лабораториялык иш.
19-§. Табигый экосистемалар.
20-§. Борбордук Азия жана Өзбекстандын табигый экосистемалары.
21-§. Табигый эмес экосистемалар.
22-§. Биогеотценоздордун туруктуулугу.
23-§. Адам экологиясы.
3-Лабораториялык иш.
III БӨЛҮМ. ЖАШООНУН БИОСФЕРА ДАРАЖАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИОЛОГИЯЛЫК МЫЙЗАМДАРЫ.
24-§. Биосфера даражасынын өзгөчөлүктөрү. Биосфера жөнүдө маалымат.
25-§. Биосфера чегаралары.
26-§. Биосферанын курамы.
27-§. Биосферадагы тирүү заттардын өзгөчөлүктөрү жана функциялары.
28-§. Биосферанын биомассасы.
29-§. Биосферада зат жана энергиянын мезгилдик айлануусу.
30-§. Биогеохимиялык цикл.
31-§. Биосфера эволюциясы. Биогенез.
32-§. Биосфера эволюциясы. Ноогенез.
33-§. Инсан биосфера фактору катарында.Инсан иш-аракетинин биосферага таасири.
34-§. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо.
IV БӨЛҮМ. ОРГАНИКАЛЫК ДҮЙНӨ ФИЛОГЕНЕЗИ.
35-§. Органикалык дүйнө филогенезине жалпы мүнөздөмөсү.
36-§. Өсүмдүктөр филогенези, өсүмдүктөрдүн вегативдик органдары филогенези.
37-§. Өсүмдүктөрдүн генеративдик органдарынын филогенези.
4-Лабораториялык иш.
38-§. Жаныбарлар дүйнөсүндөгү эволюциялык өзгөрүштөр.
39-§. Tирүү организмдерде өзүн-өзү башкаруу органдары гуморалдык жана нерв системасы эволюциясы.
40-§. Жаныбарлардын дене кабыгы аракеттенүү органдарынын эволюциясы.
41-§. Жаныбарлардын дем алуу органдарынын эволюциясы.
42-§. Жаныбарлардын кан айлануу органдарынын эволюциясы.
43-§. Жаныбарлардын тамак сиңирүү органдарынын эволюциясы.
44-§. Жаныбарлардын ажыратуу жана жыныстык органдарынын эволюциясы.
5-Лабораториялык иш.
Терминдер сөздүгү.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Биология, 11 класс, Гафуров A., Абдукаримов A., Талипова Ж., Ишанкулов O., 2018 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: :: ::


Следующие учебники и книги:
Предыдущие статьи:


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-29 04:56:22