Астрономия, 11 класс, Мамадазимов М., 2018

Астрономия, 11 класс, Мамадазимов М., 2018.

Учебник по астрономии для 11 класса на киргизском языке.
 
   Бул окуу китеби, ага коюлган талаптарга ылайык, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү орто билим берүүчү мекемелердин 11-классы жана Өзбекстан Республикасы Илимдер академиясынын Астрономия институту алдында ачылып жаткан астрономияга адистештирилген мектеп үчүн арналган болуп, эки бөлүктөн турат.
Окуу китебинде окуу материалдарынын татаалдык даражасына карай айрым темалар бир (*) же эки (**) жылдызча менен берилген болуп, мында бир (*) жылдызчалуу окуу материалы жөнөкөй жана адистештирилген мектептер үчүн арналган болсо да, бирок жонокой мектеп окуучуларына анын мазмуну боюнча түшүнүктөр берүү менен чектелип, адистешкен мекгепте анын математикалык аппараттардын жардамында берилген мазмунун өздөштүрүү талап кылынат, окуу материалдары эки жылдызча (**) менен берилген параграфтар болсо адистештирилген мектеп окуучулары үчүн гана арналган болуп, аларда астрономиянын тереңдетилген, кеңейтилген мазмуну берилген. «Космонавтиканын элементтери» адистештирилген мектептер үчүн арналган болуп, анда окуучуларга аэронавтикага таандык элементардык түшүнүктөр берилет.

Астрономия, 11 класс, Мамадазимов М., 2018


Жылдыздардын көрүнмө жылдыз чоңдуктары.
Жылдыздар Космостун салыштырмалуу кеңири тараган объекттеринен эсептелет. Ошондуктан алардын физикалык мүнөзүн үйрөнүү астрономияда маанилүү маселелерден саналат. Жылдыздардын көрүнмө жаркырактыктарын (жаркырактык даражасын) бири-биринен айырмалоо үчүн астрономияда жылдыз чоцдугу деген түшүнүк кабыл алынган. Жарыткычтын жарытылгандыгы андан Жерге чейин жетип келген жарыктыгы болуп, ал жарыткычтын жалпы нурлануусунун арзыбаган бөлүгүн гана түзөт.

Белгилүү болгондой, жарыткычтардын көрүнмө нурлануу интенсивдүүлүктөрү, алардын нурлануусун каттоочу курулмаларда (коз, фотопластинка, фотоэлемент ж.б.) пайда кылган жарытылгандыктарына карай аныкталат. Астрономияда жарыткычтардын жарыктыгы физикадагыдай жарытылгандыктын бирдиктеринде (люкстарда) эмес, жылдыз чоцдуктары деп аталуучу салыштырма бирдиктерде туюнтулат жана m тамгасы менен белгиленет.

МАЗМУНУ.
Киришүү.
1-ТЕМА. 1-§. Астрономия эмнени үйрөтөт? Анын өнүгүү тарыхы жана башка илимдер менен байланышы.
I БӨЛҮК.
I БӨЛҮМ. ПРАКТИКАЛЫК АСТРОНОМИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ.
2-ТЕМА. 2-§. Жарыткычтардын суткалык көрүнмө кыймылдары. Жылдыз түркүмдөрү.
3-§. Жердин ез огу айланасында айлануусуна далилдер *. Фуко маятниги.
4-§. Асман сферасы, анын негизги чекит, айлана жана сызыктары.
5-§. Күндүн жылдык көрүнмө кыймылы. Эклиптика.
3-ТЕМА. 6-§. Асман координаталары.
7-§. Жылдыздардын карталары.
8-§. Жылдыздардын көрүнмө жылдыз чондуктары *.
4-ТЕМА. 9-§. Аалам уюлунун бийиктиги менен жайдын географиялык кендигинин арасындагы байланыш.
10-§. Түрдүү географиялык кендиктерде асман сферасынын суткалык көрүнмө айлануулары.
11-§. Жарыткычтардын кульминациясы жана кульминация бнйиктиктери.
12-§. Астрономнялык байкоолордун негизинде жайдын географиялык кендигин болжолдуу аныктоо **.
5-ТЕМА. 13-§. Убакытты ченөөнүн негиздери *.
14-§. Календарлар.
6-ТЕМА. 15-§. Айдын кыймылы, фазалары жана мезгилдери.
16-§. Мусулмандардын ай жана күн хижрий календарлары *.
17-§. Күн жана Айдын тутулуулары.
II БӨЛҮМ. КҮН СИСТЕМАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА АСМАН ТЕЛОЛОРУНУН КЫЙМЫЛЫ.
7-ТЕМА. 18-§. Күн системасынын түзүлүшү.
19-§. Күн системасынын масштабы жана мүчөлөрү.
20-§. Планеталардын конфигурациялары жана көрүнүү шарттары *.
21-§. Планеталардын Күндү айлануу мезгилдери *.
8-ТЕМА. 22-§. Суткалык жана суткалык-горизонталдык параллакс.
Кун системасынын телолоруна чейинки аралыктарды аныктоо.
23-§. Күн системасы телолорунун радиустарын аныктоо **.
9-ТЕМА. 24-§. Астрономияда узундук чен бирдиктери.
25-§. Кеплер мыйзамдары.
26-§. Асман телолорунун массаларын эсептөө *.
10-ТЕМА. 27-§. Эки тело маселеси. Космостук ылдамдыктар.
III БӨЛҮМ. АСТРОФИЗИКА ЖАНА АНЫН ИЗИЛДӨӨ УСУЛДАРЫ.
11-ТЕМА. 28-§. Асманды электромагниттик толкундуу нурлар менен үйрөнүү - кеңири толкундуу астрономиянын негизи.
29-§. Оптикалык телескоптор.
30-§. Телескоптордун негизги характеристикалык чоңдуктары **.
31-§. Радиотелескоптор жөнүндө түшүнүк.
32-§. Улукбек обсерваторнясынын «башкы телескобу».
12-ТЕМА. 33-§. Нурлануу мыйзамдары жана асман телолорунун физикалык мүнөзүн спектрдик методдордун жардамында үйрөнүү.
IV БӨЛҮМ. КҮН СИСТЕМАСЫ ТЕЛОЛОРУНУН ФИЗИКАЛЫК ТАБИЯТЫ.
13-ТЕМА. 34-§. Күн - эң жакын жылдыз. Күн жөнүндө жалпы маалымат.
35-§. Күндүн фотосферасы жана анын курамы. Күн тактары.
14-ТЕМА. 36-§. Күндүн хромосферасы жана таажысы.
37-§. Күн энергиясынын булагы *.
38-§. Күндүн активдүүлүгү жана анын Жерге таасири *.
15-ТЕМА. 39-§. Жер тибиндеги планеталар. Меркурий жана Венера.
40-§. Жер жана анын табигый жолдошу Ай. Марс.
16-ТЕМА. 41-§. Гигант планеталар, алардын жолдоштору жана алкактары.
17-ТЕМА. 42-§. Астероиддер жана майда планеталар.
18-ТЕМА. 43-§. Кометалар («куйруктуу жылдыздар»).
44-§. Метеорлор («учар жылдыздар») жана метеориттер.
19-ТЕМА. 45-§. Күн системасынын келип чыгышы жөнүндөгү заманбап көз караштар.
V БӨЛҮМ. ЖЫЛДЫЗДАР.
20-ТЕМА. 46-§. Жылдык параллакс, жылдыздардын аралыктарын аныктоо.
47-§. Жылдыздардын өлчөмдөрүн жана физикалык параметрлерин аныктоо *
48-§. Жылдыздардын түсү жана температурасы.
21-ТЕМА. 49-§. Жылдыздын абсолюттук чондугу жана анын жарыктанышы менен байланыштуулугу *.
50-§. Жылдыздардын спектри жана спектрдик класстары.
51-§. Спектрдик-жарыктануу диаграммасы.
22-ТЕМА. 52-§. Физикалык кош жылдыздар жана алардын түрлөрү.
53-§. Жылдыздардын массаларын эсептөө **.
23-ТЕМА. 54-§. Физикалык өзгөрмөлүү жылдыздар: Цефеиддер, жаны жана өтө жаны жылдыздар.
24-ТЕМА. 55-§. Жылдыздардын эволюциясы. Нейтрондук жылдыздар жана «кара тешиктер» *.
VI БӨЛҮМ. КОСМОСТУН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА ЭВОЛЮЦИЯСЫ.
25-ТЕМА. 56-§. Галактикабыздын түзүлүшү, курамы жана айлануусу.
57-§. Жылдыздардын шар сымал жана чачкын чогулмалары **.
26-ТЕМА. 58-§. Диффузиялык жана чан тумандуулуктар.
27-ТЕМА. 59-§. Сырткы галактикалар. Галактикалардын класстары жана спектрлери.
60-§. Радиогалактикалар жана квазарлар *.
28-ТЕМА. 61-§. Космостун кеңейүүсү. Хаббл мыйзамы *.
29-ТЕМА. 62-§. Галактикалардын космосто бөлүштүрүлүшү **.
II БӨЛҮК. КОСМОНАВТИКАНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ **.
30-ТЕМА. 63-§. Космонавтика предмета жана анын башка илимдер менен байланышы.
31-ТЕМА. 64-§. Ракета кыймылынын мыйзамдары. Ракетанын тартуу күчү.
32-ТЕМА. 65-§. Ракетанын структурасы жана конструктивдик характеристикасы
66-§. Учуу маалында космостук аппаратка аракет этүүчү күчтор.
33-ТЕМА. 67-§. Тартылуунун борбордук талаасында аракеттенип жаткан телонун орбиталары.
34-ТЕМА. 68-§. Кыймыл сферасы жана космостук аппараттын траекторияларын болжолдуу эсептөө.
35-ТЕМА. 69-§. Жердин жасалма жолдошторунун орбита элементтери.
70-§. Жер атмосферасында жолдоштун орбитасынын эволюциясы.
36-ТЕМА. 71-§. Орбиталдык манёврлор. Жасалма жолдоштун орбита тегиздигин өзгөртүү.
72-§. Жасалма жолдошту орбитадан түшүрүү.
37-ТЕМА. 73-§. Космостук аппараттарды Айга учуруу.
38-ТЕМА. 74-§. Планеталарга учуу траекториялары. Жердин кыймыл сферасынын ичиндеги кыймыл.
39-ТЕМА. 75-§. Гомон орбиталары бойлоп учуулар.
40-ТЕМА. 76-§. Космостук аппараттын мерчемделген планетанын кыймыл сферасындагы кыймылы.
Тиркемелер.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Астрономия, 11 класс, Мамадазимов М., 2018 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-18 18:29:10