Кыргыз тили, 7 класс, Уринбаева Ш.К., Шерматова Г.Э., 2022

Кыргыз тили, 7 класс, Уринбаева Ш.К., Шерматова Г.Э., 2022.

Учебник по киргизскому языку для 7 класса на киргизском языке.

   Силерди жаңы окуу жылыңар менен куттуктайбыз! Кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө көп-көп ийгиликтерди каалайбыз! Бул окуу китеби 6-класста алган билимиңерди андан ары тереңдетет. Окуу китебинде жаратылыш, ден соолук – терең байлык, кесибим – сыймыгым, жаш экономист, илим жана технологиялар, тил жана дил, тарых казыналары, искусство жана маданият, укугубуз – сыймыгыбыз жөнүндө көп кызыктуу маалыматтар сунушталган. Силер ийгиликтүү тил үйрөнүшүңөр үчүн кызыктуу жана керектүү маалыматтар менен таанышып, окуган жана билген маалыматтарды жупта, кичи топто талдап, ар түрдүү кырдаалдарда баарлашып, ой-пикириңерди жазып, аракеттене турган тапшырмалар берилди. 7-класстагы көндүмдөрүңөрдү андан ары өнүктүрүп, окуу китебиндеги ар бир тапшырманы адегенде өз алдынча, андан кийин жупта, кичи топто аткаруу керек экенин жакшы түшүнүп калдыңар деп ойлойбуз. Тапшырмаларды ушундай ирети менен аткарып жатып, силер өз пикириңерди түшүнүктүү билдирип, башкаларды түшүнгөндү жана окуган маалыматыңарды баалаганды үйрөнө аласыңар. Ийгиликтүү окуучу болуу үчүн окуучулар беш базалык көндүмгө ээ болушу керек, алар окурмандык компетенттүүлүктүн түзүмдүк элементтери болуп саналат. Окуу көндүмдөрүнүн өз ара байланышын, ошондой эле пландоо, окутуу жана окуучулардын беш базалык көндүмдү өздөштүрүү деңгээлин баалоо принциптерин билүү мугалимдер үчүн маанилүү болуп саналат.

Кыргыз тили, 7 класс, Уринбаева Ш.К., Шерматова Г.Э., 2022


ТИЛДИН ЧЫГЫШЫ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ.
Тил – коомдук көрүнүш, ал коом пайда болгондо келип чыккан. Коомдун өнүгүшү менен тил да өнүүгүгө, өзгөрүүгө дуушар болуп отурат. Эмгектенүү учурунда тил адам баласынын оюн тиешелүү деӊгээлде андан ары өнүктүрүп,болгон бардык иштажрыйбаларын тил аркылуу бир элден экинчи элге, бир муундан экинчи муунга өткөрүп турат.Тил коомдук эмгекти уюштурууда, аны андан ары өнүктүрүүдө, илим менен техниканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Биздин кыргыз тили түрк тилдеринин катарына кирет. Ал узак жолду басып өткөндүктөн, тектеш жана тектеш эмес тилдердин арасында өнүгүп, биздин күнгө жетип отурат. Кыргыз элинин тарыхын карап чыгуу менен Орхон-Енесай доорунан баштап, Орто Азияда жашаган мезгилге чейин жашоо турмушунда алыс жана жакын тектеш элдер менен саясий, экономикалык, географиялык жактан өз ара катышта болгондугун тилдик жана адабий мурастар далилдейт.

МАЗМУНУ.
I БӨЛҮМ. МЕН, СЕН, АЛ ЖАНА АЛАР.
Киришүү.
Интернет кооптору.
жана алардан сактануу.
Социалдык тармактын пайдалуу жактары.
Компьютер.
Заманыбыздын каармандары.
Өзбекстандын географиялык орду.
II БӨЛҮМ. ЖАРАТЫЛЫШ ЖАНА БИЗ.
Туран жолборсу.
Алтын Казык жөнүндө уламыш.
Байчечекей жаздын кабарчысы.
III. БӨЛҮМ. ДЕН СООЛУК–ТЕРЕҢ БАЙЛЫК.
Аарылар – тазалыктын символу.
С витамини.
Күрөш – улуттук спорт оюну.
IV БӨЛҮМ. КЕСИБИМ – СЫЙМЫГЫМ.
Кесип же өнөр.
Ветеринар.
Келечек кесиптери. Мен келечекте ким болгум келет.
V БӨЛҮМ. ЖАШ ЭКОНОМИСТ.
Падыша менен сүрөтчү.
Базар.
Чоң атамдын пенсиясы.
VI БӨЛҮМ. ИЛИМ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАР.
Физика эмне үчүн керек?.
Саманчынын жолу галактикасы.
Электромобиль.
VII БӨЛҮМ. ТИЛ ЖАНА ДИЛ.
Туура сүйлөө.
Жазуучунун сөз чеберчилиги.
Т. Сатылганов – көп кырдуу акын.
VIII БӨЛҮМ. ТАРЫХ КАЗЫНАЛАРЫ.
Хива жана Ичан Калаа жөнүндө.
Темир жол.
Ньютон Исаак.
IX БӨЛҮМ. ИСКУССТВО ЖАНА МАДАНИЯТ.
Захириддин Мухаммад Бабур.
«Чыгыш обондору» эл аралык музыка фестивалы.
Эл акындары жана манасчылар.
X БӨЛҮМ. УКУГУБУЗ – СЫЙМЫГЫБЫЗ.
Олий Мажлис.
Министрлер Мекемеси – Мамлекет өкмөтү, аткаруу органы.
Авторлук укугу.
Жыл боюнча өтүлгөндөрдү кайталоо жана тексттерди логикалык жактан талдоо.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Кыргыз тили, 7 класс, Уринбаева Ш.К., Шерматова Г.Э., 2022 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2025-01-22 05:07:58