Тарбия, 11 класс, Кенжаев Д., Исматова Н., Исламов З., 2021

Тарбия, 11 класс, Кенжаев Д., Исматова Н., Исламов З., 2021.

Учебник по воспитанию для 11 класса на киргизском языке.

   Жакында өз алдынча жашоо босогосуна кадам коёсуң. Сени алдыда күндөлүк турмуштун жөнөкөй сыноолорунун «өйдө-төмөнүнөн» тартып жашоонун укмуштуудай сыналбаган жолдору күтүп турат. Анткени бул жашоо мейкиндигинде жакшылык жана жамандык, чынчылдык жана жалганчылык, адал жана арам сыяктуу артыкчылык менен кемчилдиктер учурайт. Алар жанаша жашайт. Албетте, турмуш мына ушунусу менен түркүн-түстүү, сырдуу болуп саналат. Элестет, турмушта алгачкы жолу кыйын кырдаалга туш келдиң жана аны кандай жеңүүнү билбей жатасың. Ага каршы күрөшүү үчүн өзүңдө күч таба албай турасың. Кана, айтчы, сен кимге же эмнеге кайрыласың?
Албетте, мындай учурларда ата-энең жана жакындарыңдын ак ниет жана тазалыкка негизделген өздүк үлгүсү, тарбиячы-устаттарыңдын мээрим жана тартипке багытталган таалим-тарбиялары абдан пайда берет. Он бир жыл бою башка предметтер сыяктуу “Тарбия” китебинен да алган кооз тарбия, билим жана көндүмдөрүң жардамга келет.

Тарбия, 11 класс, Кенжаев Д., Исматова Н., Исламов З., 2021


Жалган сөздөр.
Мен Москва шаарына иштөө максатында барган элем. Бош убактымда интернет сайттарына киргенди адат кылдым... Акырындап социалдык тармакта ачылган түрдүү группаларга мүчө боло баштадым. Бул группалар аркылуу бир нече жаңы достор арттырдым. Бул “досторум” мени өздөрү билгендей диндин түрдүү эрежелери менен тааныштыра башташты.

Кийинчерээк Москва шаарында бир нече жаңы “бурадарлар” менен тааныштым... Интернет мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, Пакистан, Ооганстандагы жоочулардын лагерлеринде боло турган лекцияларды жана Сириядагы салгылашуулар түшүрүлгөн видеолорду көрдүм. Мен негедир алардын иштерине өтө кызыгуу менен карачумун.

МАЗМУНУ.
I БӨЛҮМ. ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БААЛУУЛУКТАР.
1-тема: Мекендин өнүгүшүнө мен да жооптуумун.
2-тема: Эркин жана жыргал турмуштун мазмуну.
3–4-тема: Чечкиндүү кадамдар менен чоң турмушту карай.
5-тема: Үй-бүлөнүн жоопкерчилиги, аброю жана баркы.
II БӨЛҮМ. АДАМ РУХАНИЯТЫ.
6-тема: Үлгүнүн турагы.
7-тема: Кең пейилдүүлүк.
8–9-тема: Ксенофобия.
10–11-тема: Миссионерлик – жаштардын келечегине коркунуч.
12–13-тема: Кибермейкиндикте маалыматты пайдалануу маданияты.
14–15-тема: Дүйнө диндеринде тынчтык идеясы.
III БӨЛҮМ. КООЗ САПАТТАР.
16–17-тема: Сезимдердин ар түрдүүлүгү.
18-тема: Көркөмдүк жана руханият.
19–20-тема: Сырткы дүйнө жана ички дүйнө.
21–22-тема: Этикет.
IV БӨЛҮМ. ЖЕКЕ ӨНҮГҮҮ.
23–24-тема: Ренессанстын пайдубалы.
25–26-тема: Адалдык вакцинасы.
27–28-тема: Суктан жана алдыга умтул.
29-тема: Эмгектен бакыт тапкандар.
30-тема: Мен тандаган жол.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Тарбия, 11 класс, Кенжаев Д., Исматова Н., Исламов З., 2021 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-04-16 19:52:57