Табият таануу, 4 класс, Бахрамов А.Д., Шарипов Ш., Набиева М., 2017

Табият таануу, 4 класс, Бахрамов А.Д., Шарипов Ш., Набиева М., 2017.

Учебник по естествознанию для 4 класса на киргизском языке.

Фрагмент из книги:
Жайкы каникулда жыргап эс алдың. Жай өзүнө мүнөздүү ажайып мезгил болуп саналат. Жайда күндөр узун, ал эми түндөр кыска болот. Күндүн нурлары өлкөбүз аймагына тигирээк түшөт. Ошондуктан күндөр ысык, асман булутсуз болот. Жай – балдардын эң сүйүктүү мезгили. Жайда сен теңкурларың менен ойнойсуң, чөмүлөсүң, жайкы жемиштерден жеп тоюнасың.

Табият таануу, 4 класс, Бахрамов А.Д., Шарипов Ш., Набиева М., 2017


Жылдыздуу асман.
Түндөсү асманда эсеп жеткис жылдыздар көрүнөт. Жылдыздар бизге кичинекей болуп көрүнсө да, чындыгында алардын ар бири өтө чоң болот.

Жылдыздардын бизден канчалык алыста экендигин элестетип көрөлү. Алардан таралып жаткан нурлар 1 секундда 300000 км аралыкты басып өтөт. Нурдун ылдамдыгы ушунчалык чоң болсо да, эң жакын жылдыздын нуру бизге 4 жылда жетип келет. Көрүнүп турган кээ бир жылдыздардын нуру бизге жетип келүүсү үчүн болсо 100 жылдан көп убакыт кетет.

Эгерде кунт коюп байкаган болсоң, жылдыздар түркүн түстүү болот. Айрым жылдыздар агыш же көгүш болот. Алар эң ысык жылдыздар болуп саналат. Мындай жылдыздардын сыртындагы температура +10000°С тан +100000°С ка чейин болот.

MАЗМУНУ.
Kиришүү. Өлкөбүздүн табияты.
Жер – Күн системасындагы планета.
Жылдыздар. Күн.
Планеталар.
Күн системасындагы башка асман телолору.
Ай – Жердин табигый жолдошу.
Жер шары. Глобус.
Күн жана түн. Жыл мезгилдери.
Жер жүзүнүн табиятынын ар түрдүүлүгү.
Горизонт жана анын жактары.
Жер жүзүнүн негизги формалары.
Жер асты байлыктары.
Карталар.
Өзбекстан Республикасынын табигый картасы.
Суу бассейндери.
Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү.
Табият зоналары.
Чөлдөр жана оазистер.
Өзбекстандын адырлары.
Өлкөбүздүн тоолорунун табияты.
Токойлор.
Өзбекстандагы табигый байлыктар.
Өзбекстандын коруктары.
Мекенибизди бойлой саякат.
Мекенибиздин картасынын жанында.
Ташкент шаары жана Ташкент облусунун табияты.
Наманган, Андижан жана Фергана облустарынын табияты.
Сырдарыя, Жызак жана Самарканд облустарынын табияты.
Кашкадарыя жана Сурхандарыя облустарынын табияты.
Бухара жана Наваий облустарынын табияты.
Каракалпакстан Республикасы жана Харезм облусунун табияты.
Өзбекстандын табиятын коргоо.
Өзбекстандагы табигый эстеликтер жана тарыхый жайлар.



Бесплатно скачать электронную книгу в удобном формате, смотреть и читать:
Скачать книгу Табият таануу, 4 класс, Бахрамов А.Д., Шарипов Ш., Набиева М., 2017 - fileskachat.com, быстрое и бесплатное скачивание.

Скачать pdf
Ниже можно купить эту книгу по лучшей цене со скидкой с доставкой по всей России.Купить эту книгу



Скачать - pdf - Яндекс.Диск.
Дата публикации:





Теги: :: :: :: :: ::


 


 

Книги, учебники, обучение по разделам




Не нашёл? Найди:





2024-03-29 05:47:14